Акаев 1 миллион сомду кайдан алганын айтты

Аскар Акаев Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Алтын балалык” ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар үчүн реабилитациялык борборуна которгон 1 миллион сомду Орусиянын Илим изилдөө уюмдарынын федералдык агенттигинен грант катары утуп алган. Мындай маалымат супер.кж порталы жазды.

Мен бул маалыматты ырастайм. Мен Орусиянын Илим изилдөө уюмдарынын федералдык агенттигинен илимий грант утуп алгам. Ошонун 1 миллион сомун Чолпон-Атадагы “Алтын балалык” реабилитациялык борборуна котордум”, – деди Акаев.

Чолпон-Атадагы “Алтын балалык” реабилитациялык борбору Аскар Акаевдин убагында, тагыраагы 2000-жылдан 2005-жылга чейин Майрам Акаева жетектеген “Мээрим” фонду тарабынан дубалы тургузулуп, 2005-жылдан бери токтоп калган.

Ал эми бүгүн, 15-октябрда “Алтын балалык” реабилитациялык борборун ишке киргизүү үчүн каражат топтоо боюнча кайрымдуулук марафону болгон.  Анда биринчи айым Айгүл Жапарова сөз сүйлөп, үй-бүлөсүнүн атынан 500 миң сом берген.

Ал эми “Алтын балалык” борборун ишке киргизүү үчүн мамлекет башчысынын фондунан 3 миллион сом бөлүнгөн.