Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Алтын балалык» ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар үчүн реабилитациялык борборун ишке киргизүү үчүн каражат топтоо боюнча кайрымдуулук марафонуна катышты.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө борбордун курулушу 2000-жылдары башталып, дубалы тургузулуп, бирок иштер 2005-жылы токтоп калганын белгиледи.
Үстүбүздөгү жылдын март айында Садыр Жапаров Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен борбордо болуп, мекеменин курулушун бүтүрүү тапшырмасын берген.
Учурда имараттын бир бөлүгүн араб өлкөлөрүнүн фонду, бир бөлүгүн «Кумтөр Голд Компани» ЖАК курууда. Мындан сырткары, демөөрчүлөрдөн, кайдыгер эмес жарандардан жана бардык каалоочулардан каражат тартуу үчүн кайрымдуулук марафонун өткөрүү чечими кабыл алынган.
Садыр Жапаров «Реабилитациялык борборду келерки жылдын 1-июнуна, балдар күнүнө арнап ачалы деген планыбыз бар», — деп билдирип, эгер чогултулган каражаттар жетпесе, анда кийинки жылдын январынан тартып курулушту бүтүрүүгө каражат республикалык бюджеттен бөлүнөрүн кошумчалады.
«Муну өзүбүздүн балдар үчүн, жарандар үчүн жасап жатабыз. Андан сырткары, дүйнө жүзүнөн эс алуучуларды жана бейтаптарды кабыл алсак болот», — деп билдирди Садыр Жапаров.
Президенттин айтымында, «Алтын балалык» ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар үчүн реабилитациялык борбору 500 бейтапка эсептелген жана келечекте кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
«Учурда эки бөлүм иштеп жатат. Кардиохирургиялык бөлүм ачылып, 5 операция жасалды. Мындан сырткары, аллергиялык бөлүм ачылды», — деди Президент.
Мамлекет башчысы, Ысык-Көлдүн климаты дагы бейтаптардын саламаттыгына жакшы таасир этерин кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров Мамлекет башчысынын резервдик фондунан 3 миллион сом бөлүп берди.