Ош шаарындагы “Келечек” базарында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт 15-октябрга караган түнү саат 00:21 чамасында ашканадан чыккан.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан жалпы 7 өрт өчүрүүчү бөлүм, ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары электр тармагы кызматынан 1 бригада жана ИИМдин кызматкерлери тартылган.
Өрт саат 01:13тө чектөөгө алынып, саат 03:37де толук өчүрүлгөн. Натыйжада ашкана, токардык цех, кийим сатуучу дүкөн, азык-түлүк дүкөнү, текстиль дүкөнү, жаңы курулуп жаткан дүкөндүн чатыры күйгөн.
Жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.