КТРКнын башчысы Бактияр Алиев кызмат кетүү тууралуу арызын байкоочу кеңешке берди. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, КТРКнын байкоочу кеңеши Алиевдин арызын бир добуштан кабыл алган. Азыркы тапта жетекчинин милдетин убактылуу аткаруу үчүн жаңы гана Маданият маалымат спорт жана жаштар саясаты министри кызматынан кеткен Кайрат Иманалиевдин талапкерлигин байкоочу кеңеш сунуштоодо.
Айта кетсек Бактияр Алиев туура бир жул мурун тактап айтканда 2020-жылдын 15-октябрында КТРКнын башчылыгына келген.