Кара-Сууда жол кырсыгынан 23 жаштагы жигит каза болду

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылындагы унаа кырсыктан адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Ахмедов көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен «Фольксваген Гольф 3» үлгүсүндөгү унаа менен оор жүк ташуучу «Вольво» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Анын кесепетинен 1998-жылы туулган М. Н. аттуу жигит каза болду. Куткаруучулар анын денесин унаадан чыгарып, ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришти.