Бишкекте дүкөндүн ичинен 3 килограммга жакын баңгизаты табылды. Шектүү кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
16-сентябрь күнү ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери О.Б. аттуу жаранга тиешелүү Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан дүкөндөрдүн биринде издөө иштерин жүргүзүүдө алмалар салынган коробканын ичинде 273 даана ширеңкенин ичине ныкталган кара куурай табылган. Алынган заттардын жалпы салмагы 2 килограмм 874 грамм болгон.
Тергөө амалдарынын жүргүзүү учурунда алынган затты Токтогулдан берип жибергендиги аныкталган. Ошол эле күнү Токтогул РИИБинин кызматкерлери тарабынан 1999-жылы туулган О.Н. аттуу жаран кармалып Ленин РИИБине жеткирилген.
Аталган жаран алынган заттар ага тиешелүү болгондугун мойнуна алып, өзүнүкү экендигин билдирген. Учурда шектүү жаранга тергөө абагына киргизилген. Учурда бул кылмышка катыштыгы бар жарандарды аныктоо жана кармоо боюнча кошумча атайын тергөө аракеттери жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.