Бишкектеги “Дордой-Дыйкан” базарынын директору Эркин Салымбеков 6-декабрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Эркин Салымбеков 6-декабрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Буга чейин Эркин Салымбековдун УКМК тарабынан кармалганы айтылган.
УКМК бул боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.