Акылбек Жапаров биринчи отурумун Баткенден баштады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкө аймактары боюнча алгачкы сапарын Баткен облусунан баштады. Анда ал “Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү” инвестициялык форумуна катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта Акылбек Жапаров аталган региондун өнүгүү потенциалын баса белгилеп, инвесторлор үчүн жеңилдиктер тууралуу айтканы жазылат.

Баткен облусунун экономикасын өнүктүрүү стратегиялык мааниге ээ. Сиздерге белгилүү болгондой, Баткен облусунун өзгөчө статусу тууралуу мыйзам жана өнүктүрүү программасы кабыл алынып, иш-аракеттер планы бекитилген.

Эске салсак, парламентте депутат Карамат Орозованын суроолоруна жооп берип жатып, Жапаров биринчи кезекте Баткенге барып алгачкы отурумун ошол облуста болоорун белгилеген.

Мамлекет тарабынан чек ара аймагында иштеген ишкерлерге атайы салык режими түрүндө жеңилдиктер берилет. Ошондой эле өзгөчө инвестициялык режим киргизилген – министрлер кабинети инвестицияларга мамлекеттик кепилдик берет жана Баткен облусунун инвесторлору үчүн толук амнистия пландаштырылууда.

Мындан тышкары мамлекеттик түз сатып алуулардын уруксат берилген босогосу 2 миллион сомдон 5 миллион сомго чейин жогорулатылат. Бул режимдер – азыркы мезгилде Баткенге инвестициялоо, анын ичинде жергиликтүү ишкерлер үчүн жагымдуу мезгил. Мен жалпыңыздарды бул мүмкүнчүлүктү пайдаланууга чакырам. Негизгиси Евростандарт-5 боюнча иш алып баруу керек“, – деди Акылбек Жапаров.

Бул форум Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн гана эмес, ошондой эле маанилүү макулдашууларга жетишүүгө мүмкүнчүлүк берери күтүлүүдө.