Шайлообек Атазов “Кумтөрдүн” жетекчисин чакырууну сунуштады

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин Министрлер кабинетинин курамын кароо боюнча депутаттар чогулду. Жыйында депутат Шайлообек Атазов “Кумтөрдүн” жетекчисин чакырып, маалымат угууну сунуштады.

“Массалык маалымат каражаттары октябрь окуясына бир жыл толду, мамлекет эмнеге жетишти деп жазышууда. Бүгүн күн тартибине “Кумтөрдүн” жетекчисин чакырып, маалымат угалы. Биз “Кумтөрдү” алганыбыз мамлекеттин жетишкендиги деп жооп берип жатабыз. Мамлекетке элдик президент келди деп айтып жатабыз. Келишимдерди колдоп бердик. Бул маселе боюнча ар түрдүү сөздөр айтылып жатат. Улуттук банк менен маселеси бар экен деген сөздөр айтылып жатат. Аскар Акаев келип туугандары менен жолугуп кетти. Андан кийинки президенттердин тиешеси барбы? “Кумтөрдүн” чыныгы күнөөкөрлөрүнүн канчасы камала элек? “Кумтөрдүн” үстүндө болуп жаткан сөздөргө чекит коюп маалымат угалы”, – деди Атазов.