
Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоонун таза өтүшү тууралуу маселе боюнча 21-октябрь күнү жалпы республикалык кеңешме өткөрөт. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун 12-октябрда алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу кайрылуусунда айтылат.
«Кеңешмеге айыл өкмөттөрдөн баштап, өкмөт башчысына чейин бардык жетекчилер катышат. Ошол жерде кеңири сөз болот», – деди Касмамбетов.