Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү.
Жаңыланган рейтинг Ослодо (Норвегия) өткөн Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгы боюнча түзүлдү.
Норвегияда Жуманазарова 68 килограмм салмакта алтын медалга ээ болду жана бул ага дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк берди. Кыргыз балбаны биринчиде турган спортчудан 9 упай артта.
Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча дүйнөлүк рейтинг:
68 килограммга чейин
1. Тамира Сток Менса (АКШ) — 123 упай
2. Мээрим Жуманазарова (Кыргызстан) — 114 упай
3. Блэссинг Оборудуду (Нигерия) — 90 упай
4. Ханум Велиева (Россия) — 65 упай
5. Адела Ханзликова (Чехия) — 42 упай