Депутат: “Улукбек Марипов резиденцияда жашаганын бюджетке төлөп бериши керек”

ЖК депутаты Нурбек Сыдыгалиев Улукбек Мариповдун мамлекеттик резиденцияда мыйзамсыз жашагандыгын айтып чыкты.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети бүгүн 12-октябрда Министрлер кабинетинин жаңы курамы жана түзүлүшү боюнча маселени карап, президенттин сунушун колдоду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын – президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Акылбек Жапаров депуттаттардын суроолоруна жооп берди.

“Мыйзам боюнча резиденцияда жашаганга анын укугу жок. Ошондой эле ага кароолчу да берилген. Ал мамлекетке аларды колдонгондугуна байланыштуу акы бериш керек. Ага канча сом жумшалганын Акылбек Жапаровго суроо узатты.

Буга Акылбек Жапаров жооп бере алган жок. – Бул жагдайды Эсеп Палатасынан сураш керек. Буга чейин ага турак жай жана сакчы берилиш керек болчу. Ал эми мыйзам кечээ жакында эле кабыл алынды, – деди Жапаров.

Депутат Акылбек Жапаровдун жообуна толук ынанган жок. – Эсеп Палатасынан да сурайбыз. Чыгымдарды ким жабат. Ал буга кеткен каражаттарды мамлекетке төлөп бериши керек, – деди.

Акылбек Жапаров: Мариповду кеткен чыгымдарды аны төлөп бер деген уят деди. Кеткен чыгымдар бюджеттен алынганын кошумчалады.

Сыдыгалиев мындай нерсе туура эместигин баса белгилеп, “мамлекеттин бюджетине баарыбыз бекер жашап, анысы аз келгенсип дагы унааларды айдайлы!”, – деди.