Таластагы мейманканадагы окуя: бардык жер канга боёлду

Авланбек Жумабаев жеке баракчасына Таластагы Kerben Palace мейманканасындагы окуяны жазды. Ал мейманканада кароолчу жок болгондугуна байланыштуу коопсуздук сакталбаганын айтат.

  • -Эртең мененки саат 4:00до бейтааныш адам келип, баарын коркутуп, дүрбөлөнгө салып, эшиктердин баарын сындырды. Ал кыздар уктап жаткан бөлмөлөргө кирип, алардын тынчын алып, ушундай суукта жарым-жылаңач эшикке кууп чыкты. Кыздардын арасында эмчектеги баласы менен аял дагы эшикке чыкканга аргасыздан мажбур болду. Ал мейманкананын конокторун оозго алгыс сөздөр менен сөккөн, баардык жер канга боёлуп, унааларга да чачыраган,-дейт Жумабаев.
  • Ал эми милиция кызматкерлери жайбаракат 40 минутадан кийин гана келген. Тартип сакчылары тынчтык бербеген адамды кармабай эле, аны унаага отуругуза албай, кайра андан суранып, жалынып-жалбарганы зеенди кейиткени ого беш бетер элди нааразыга салган. Айрым маалыматтарга караганда бул адам фуранын айдоочусу дешсе, кээ бирлери органдарда иштеген адам катары сыпатташкан. Бул экинчи божомолдор чындыкка дал келсе, мамлекетибиз кайда баратат деген суроо туулат.
  • Бул жагдайды ИИМ министри Улан Ниязбеков колго алып, бардык тийиштүү иш чараларды көрөт деп ишенем, – деп жазган Жумабаев.