УКМКнын Ала-Бука райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өткөнүн, мамлекеттик комитеттин пресс-кызматы кабарлады.
Ачылыш салтанатында УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев, райондук бөлүмдүн өздүк курамы, атайын кызматтын ардагерлери жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Ташиев өз сөзүндө, Ала-Бука району мамлекеттик чек аранын тушунда жайгашканын белгилеп, УКМК кызматкерлери контрабанда ишине бөгөт коюу үчүн иштеши керектигин айтты.
Анын айтымында, комитеттин кызматкерлери үчүн бардык шарттарды түзүү менен, УКМКнын башка облустарда жана райондордогу материалдык-техникалык базасын бекемдөө чаралары көрүлө берет.
Белгилей кетсек, буга чейин УКМКнын Ала-Бука райондук бөлүмү 1936-жылы курулган имаратта иштеп келген.