Клара Сооронкулова президеттикке талапкерлигин көрсөттү

Укук коргоочу Клара Сооронкулова Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлигин көрсөттү. Ал бүгүн, 12-ноябрда БШКга документтерин тапшырды.

Клара Сооронкулова 1969-жылы Ош облусунун Алай районунда төрөлгөн. 2011-жылы Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьясы болгон. 2015-жылы Борбор Азиянын Эл аралык университетинде «Юриспруденция» багытын жетектеген. 2019-жылдан тарта «Улуттар Биримдиги» партиясынын аткаруу комитетин жетектеп, комитеттин катчысы болуп иштеген. Андан кийин «Укук мектеби» коомдук бирикмесинин төрайымы болгон.

Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү 12-ноябрда саат 24:00дө аяктайт.