
Казакстан Кыргызстандан Орусияга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган дрондорду конфискациялады. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, май айында Мамлекеттик мүлк жана менчиктештирүү департаменти 14 DJI Agras T30 дронун сатыкка койгон. Алардын ар бири 6 миллион теңге (1 миллион 118 миң сом), жалпы баасы 86,3 миллион теңгени чапчыган.
Дрондор өз ээсине, тагыраагы, орусиянын «Нова» курулуш компаниясына жеткен эмес. Алар Казакстандын бажысында конфискацияланып, «Импульс-Инвест» ЖЧКсына 76 миң теңге айып салынган.
Жыйынтыгында дрондор казак бийлигинин менчигине калган.






