Поздравление президента Садыра Жапарова с Новым 2023 годом

Президент Кыргызстана Садыр Жапаров поздравил кыргызстанцев с Новым 2023 годом.

Текст новогоднего поздравления главы государства:

«Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Саналуу мүнөттөрдөн кийин жалпыбыз дагы бир жылды карытып, жаңы 2023-жылдын босогосун аттаганы турабыз.

Ким болбосун, ар бир адам, ар бир үй-бүлө жүрөк толкуткан мындай ирмемдерде узап бараткан жылга бир кылчая сереп салып, келе жаткан жылдан үмүт арта аруу тилектерди айтып, жаңы максаттарды белгилейт.

2022-жылы Сиздер менен чогуу кыйла ийгиликтерге күбө болуп, маңдайыбыз жарыла кубанган, жаркын келечекке улуу үмүт менен караган учурларыбыз арбын болду.

Тилекке каршы, ошону менен бирге Мекен чеги башталган Баткен жергебизде кейиштүү окуялар кайталанып, кабыргабыз кайышты. Үч миң жыл ичинде өз башынан нечен-нечен тарыхый сыноолорду кечирген түптүү кыргыз элинин урпактары катары биз, кыргызстандыктар, бул жолу да биримдик менен сабырдуулукту көрсөтүп, жазмыштын жакшысын да, жаманын да көтөрдүк! Мына ошондуктан мен быйыл Кыргызстандын жүрөгүнө айланган касиеттүү Баткен жергесинен туруп, жалпы кыргыз элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктоону туура көрдүм!

Кадырлуу калайык-калк!

Кыйын кезеңде “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, намыска бек турган кыргыз элибизден айланып кетсе болот, ошондуктан жумурай журтка терең ыраазычылыгымды билдиремин!

Кыргызстандын бүтүндүгүн сактаган, Мекен чегин тайманбай коргогон эр жүрөк уулдарды жарык дүйнөгө алып келген энелерге, уулун “Мекендин укум жери үчүн туруп бер!” деп тарбиялаган нарктуу аталарга башымды ийип, таазим кыламын!

Ата Журту үчүн ажалга жалтанбай тике караган баатыр уулдарыбыздын жаркын элестерин, укум жер үчүн өлүмдөн коркпой жанын берген эрдиктерин эч качан, эч качан унутпайбыз!

Учурда Баткен облусун калыбына келтирүү жана баткендиктердин коопсуздугун камсыздоо –улуттук эң башкы маселелердин бири. Биз бул ишти сөзсүз аягына чыгарабыз!

Ар түрдүү себептерден улам учурунда чечилбей, акыры түбү кейиштүү кесепеттерге алып келген чек ара маселесин биротоло чечүү үчүн бардык жоопкерчиликти мойнубузга алып, чечкиндүү турабыз. Бизден кийинки муундарга чек арасы толук такталган, тынчтыкта жана бейпилдикте жашаган жаңы Кыргызстанды өткөрүп беребиз!

Дорогие кыргызстанцы!

Эмгек акылардын эселеп жогорулашы менен социалдык жөлөкпулдардын көтөрүлүшүнө кубанган жарандарыбыздын жылуу жүздөрү азыр дагы көз алдымда турат. Ак саамайлуу апаларыбыз менен ак сакалдуу аталарыбыздын пенсиялары дагы көбөйүп, алардын сабыр менен шүгүрчүлүк кылгандарына жүрөгүм элжиреди.

Баарыбызга тамга таанытып, кат-сабатыбызды жойгон мугалимдерибиздин, ар дайым ден соолугубузга кам көргөн дарыгерлерибиздин, бүткүл өмүрүн өлкөсүнө арнаган социалдык тармактын кызматкерлеринин мамлекеттик бийликке ишеним-үмүтү жанып, колдоо сөздөрү менен кошо алкыш-баталарын аянбай берүүсүн уккандын өзү бакыт болду!

Миллиарддаган каражаттарга өлкө коопсуздугу үчүн зарыл болгон заманбап аскерий техникаларды сатып алдык. Коргонуу жаатындагы мындай аракеттерди мындан ары дагы улантабыз.

Өзүңүздөр билгендей, 2022-жылды Тоо тутумун туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыялоо демилгеси Бириккен Улуттар Уюму тарабынан колдоо таап, эл аралык жыл катары жарыяланган. Ошону менен бирге 2022-жыл Кыргызстанда Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп белгиленген. “Тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдык иш-аракеттери” концепциясы иштелип чыгып, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында 2023-2027-жылдарды “Тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгы” деп жарыялоо боюнча резолюция жактырылды.

Бул иштер, албетте, тоолуу региондордун көйгөйлөрүнө дүйнө коомчулугунун көңүл бурушуна Кыргызстандын кошкон зор салымы болуп эсептелет.

Кадырлуу калайык-журт!

Урматтуу агайын-туугандар!

Урматтуу агайын-туугандар!

“Жакшы тилек – жарым ырыс” дейт эмеспи, кирип келген жаңы жылыбыз Кыргызстаныбыз үчүн өзгөчө жакшылыктардын башталыш жылы болсун деп баарыбыз тилек кылалы!

Биз 2023-жылы бардык тармактар боюнча арымдуу өсүш секиригин жасоонун алдында турабыз.

Бардык тармактар боюнча элдин жашоо-турмушун жакшыртуу жаатында иштерди жигердүүлүк менен улантабыз.

Урматтуу мекендештер,

жалпы кыргызстандыктар!

Ошентип, келе жаткан жаңы 2023-жылдын босогосун чоң максаттар, конкреттүү пландар менен аттап отурабыз.

Жалпы Кыргызстан эли – ар бирибиз өлкөбүздүн өнүгүүгө бет алган өзгөрүүлөр менен жаңылануулардын түздөн-түз катышуучусу экенибизди сезип, ынтымагыбызды бекем кармасак, алдыга коюлган бийик максаттарга жетебиз, ниет кылып мерчемдеген иш-пландарыбыздын өтөөсүнө чыгабыз деп бекем ишенем! Себеби элибиздин эбактан бери келаткан улуу сапаттарынын бири – биримдикке, ынтымакка умтулуусу. Бул – Кыргызстан элинин артыкчылыгы, биздин дөөлөтүбүз, эгемендүүлүбүздү бекемдеген асыл нарк!

Мына ошондуктан, ырыс ыроологон ынтымагыбызды бекем сактайлы, кут тартуулаган биримдигибизди бекем кармайлы!

Жаңы жылыбыз элибизге берекени, ырыскыны мол алып келген куттуу жыл болсун!

Жергебизде тынччылык, элибизде токчулук, өлкөбүздө өнүгүү болсун!

Дагы бир жолу жаңы жылыңыздар менен, кымбаттуу мекендештер!»