«Мыйзам баарына бирдей»: Өлкө башчы депутаттын аялдарга аяр мамиле кылуу өтүнүчүнө жооп берди

Мен аялмын деп билгенин кыла берген туура эмес. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Отурумда депутат Аида Исатбек кызы президентке кайрылып, акыркы күндөрү аялдарга жасалып жаткан мамиле тууралуу сөз кылды.

«Урматтуу Садыр Нуркожоевич, акыркы күндөрү аялдарга өтө орой мамиле жасалып жатат. Сизден сураныч, аялдарга кичине аяр мамиле кылсын деп талап койсоңуз. Оппозиция экенин, журналисттер туура эмес маалымат берип жатканын түшүнүп жатам, бирок ал баары бир аял да. Бизде илгертен ушундай (аялдарга сый-урмат – ред.) болуп келген. Мени уктуңуз деп үмүттөнөм», — деди ал.

Депутаттын сөзүнө жооп берген президент мыйзам баарына бирдей экенин айтты.

«Мыйзам баарына бирдей. Аялга өзүнчө, эркекке өзүнчө каралбайт. Аял дагы жоопкерчиликти сезе билиши керек. Мен аялмын деп билгенин кыла берген туура эмес. Буга да макул болушубуз керек. Ошон үчүн бардыгы мыйзам чегинде болсун», — деди ал.

Isatbek kyzy "мыйзам баарына бирдей": өлкө башчы депутаттын аялдарга аяр мамиле кылуу өтүнүчүнө жооп берди