Ооганстанда өндүрүлгөн баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген жаран кармалды

ИИМ: Ооганстанда өндүрүлгөн баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген жаран кармалды

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында (сатып өткөрүү максатында баңгизат каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Ооганстанда өндүрүлгөн каннабис тобундагы баңгизаттарды ташуу жана сатуу каналына бөгөт коюлду.


2021-жылдын 23-ноябрында Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1993-жылы туулган М.Н. аттуу жүргүнчүсү бар 1992-жылы туулган К.С. аттуу жарандын башкаруусундагы “Тойота Ист” үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

WhatsApp Image 2021 12 01 at 08.48.59 Ооганстанда өндүрүлгөн баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген жаран кармалды


Аталган унааны тинтүү учурунда анын багажынан эки спорттук сумка, алардын ичинде скотч менен оролгон 9 таңгак жана 1 баштык зат табылган. Ал зат кочкул-күрөң түстө болуп, жапайы өскөн кара куурайдай (Ооганстанда өндүрүлгөн “чаңча”) өзгөчө жыты бар болгон.
Өткөрүлгөн экспертизанын корутундусуна ылайык, ал зат 10 килограммга жакын каннабис чайыры (гашиш) экени аныкталган.

WhatsApp Image 2021 12 01 at 08.48.58 1 Ооганстанда өндүрүлгөн баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген жаран кармалды


Кармалган жаран М.Н. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.


ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери ушундай фактыларды аныктоого багытталган тиешелүү иш-чараларды тынымсыз жүргүзүп жатат.

WhatsApp Image 2021 12 01 at 08.48.57 Ооганстанда өндүрүлгөн баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген жаран кармалды

ИИМдин Басма сөз кызматы