Курч кармаган вирустук респиратордук инфекциялар көбөйүп жаткандыктан доктурлар дем алыш күндөрү да иштейт

Бишкекте курч кармаган вирустук респиратордук инфекциялар (КРВИ) көбөйүп жаткандыктан үй-бүлөлүк медициналык борборлор ишемби жана жекшемби күндөрү да иштешет.

Бул тууралуу кечээ, 18-октябрда Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирген.

Анын айтымында, КРВИ көбүнчө 2 жаштан 14 жашка чейинки балдар арасында катталууда. Бирок, чоңдор арасында ооругандар дагы бар.

“Бүгүн чогулушта үй-бүлөлүк медициналык борборлор дем алыш күндөрү да иштейт деген чечим чыгардык. Алар мурда ишемби күнү түшкө чейин иштесе, эми кечке чейин, ал эми жекшембиде түшкү экиге чейин оорулууларды кабыл алышат. Ошондой эле процедуралык кабинеттер күндө саат 20:00гө чейин иштейт”, – дейт Исмаилова.

Ошондой эле, Медициналык тез жардам шаардык балдар клиникалык ооруканасында кабыл алуу күчөтүлгөнүн айтты.  

Дарыгерлердин айтымына караганда, балдар арасында сасык тумоо менен КРВИнин өсүшүнө акыркы учурда аба ырайынын кескин өзгөрүшү, мектеп, окуу жайлардын ачылып кыймылдын көбөйүшү, ошондой эле шаардыктардын аралыкты сактабай, бет кап тагынбай жатышы себеп болууда.

Буга чейин, октябрь айынын башында айрым ата-энелер социалдык тармактарга балдарынын ичи өтүп, кусуп жатканын айтып, бул коронавирус эмеспи деген кооптонууларын жазышкан.

Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева бул боюнча түшүндүрмө берип, учурда балдар арасында коронавирус катталбагандыгын айтып, жыл сайын ушул мезгилде курч респиратордук жугуштуу оорулар күч ала турганын билдирген.