Үч адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Ашыралиев Бишкек шаардык сотуна даттанды

Бул тууралуу аталган соттун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал райондук соттун өкүмүнө нааразы болуп, жактоочусу апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Сот отуруму 20-декабрга белгиленди.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкекте 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Кылмыш иши тергелип бүтүп, июнь айында сотко өткөн.

Октябрь райондук соту 3-ноябрда аны күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Ашыралиев УКМКда 15 жыл иштеген. 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин койгон.