Рублдин курсу кескин төмөндөдү

Рублдин курсу кескин төмөндөгөнүн РИА Новости жазды. Москва биржасынын маалыматына таянсак, доллар менен евро акыркы жалдарга салыштырмалуу биринчи ирет кымбаттаган.

Москва убактысы менен саат 07:18ге карата доллар 2,92 рублге кымбаттап, 84,08 рубль болсо, евро 3,45 рублге жогорулап, 95,24 рублге жеткен.

Мындай көрүнүш Россия президенти Владимир Путиндин Донбасста аскердик операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгы боюнча билдирүүсүнөн кийин байкалган.