«Күйөөгө тийгени жатасыңбы?»: Орокто кармалган депутат үй камагына чыкты

0

Кечээ, 5-июнда Сокулук районунун Орок айылында болгон баш аламандыктан кийин кармалган жергиликтүү кеңештин депутаты Кылычбек Бокоев үй камагына чыгып, эл чогулган жерге келди.
Аны буга чейин өзүн депутаттын чоң апасы деп тааныштырган аял бошотпой жатышканын айткан.

Депутатты эл чогулган жерге алып келишкен адамдар апасы менен жолуктурушту. Апасымын деген аял: «Ушунча эл турса, эмнеге үйгө барып жуунасың? Жуунбай ушул эле жерден токтобойт белең. Булар үйүнө жуунганы кетти деп айтты. Эмне, күйөөгө тийгени жатасыңбы?», - деди.
Ага жооп берген депутат: «Жок...», - деп басып кетти.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов АКИpress агенттигине билдиргендей, бүгүн, 6-июнь күнү Сокулук райондук соту камакка алынган жергиликтүү кеңештин депутаты К.Бокоевдин баш коргоо чарасын тандады. Сот аны үй камагына чыгарды.  

К.Бокоев биринчи жолу Орок айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган. Ал 27 жашта, эки баланын атасы.
2017-жылы 28-майда өткөн шайлоодо Бокоев шайлоочулардын 190 добушун алып, жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланган.


Окуянын хронологиясы
Саат 08:00 — окуя ушул жылдын 5-июнунда Айт намаздан кийин Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айылында болгон.

Саат 08:30 — Сокулук РИИБге Орок айылында жаш балдардын арасында мушташ болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге дароо РИИБдин кызматкерлери жөнөтүлүп, 3 өспүрүм бала мушташканы аныкталган. Алар кайым айтышып, эки бала 2003-жылы туулган А.Т.нын денесине жаракат келтиришкен. Мушташ учурунда ушул айылда жашаган дагы бир өспүрүм бала жаракат алып, кийинчерээк алар Бишкектеги ооруканага жаткырылган.

Бул факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Милиция кызматкерлерине маалым болгондой, жабырлануучу А.Т. ушул жылдын 4-июнунда Орок айылында жашаган туугандарынын үйүнө конокко келген.

Болжол менен саат 12:00 — Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү катары 23 жаштагы А.К. жана 15 жаштагы А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери улантылып жатат.

Саат 15:30 — Жабырлануучунун жакындары чогулушкан, бирок Чүй ОИИБдин жана Сокулук РИИБдин жетекчилиги жергиликтүү органдар менен бирге элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ушул маалда жабырлануучунун жакындарынын бири чагымчыл иш-аракеттерди жүргүзүүгө аракет жасаган.

Кийинчерээк алар кайрадан чогулуп, айрымдар чөптү өрттөп, болжол менен 12 үйдүн терезелерин жана унаалардын айнегин талкалашкан. 31 адам РИИБге жеткирилди. Бул факт да Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда милиция кызматкерлери жергиликтүү органдар менен бирге нөөмөттө турат. Учурда абал туруктуу.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, мушташтын кесепетинен денесине ар кандай жаракат алган өспүрүмдөр шаардагы балдар клиникалык ооруканасында жатат. Бири интенсивдүү терапия бөлмөсүндө, экинчиси нейрохирургияда дарыланууда. Учурда алардын абалы туруктуу. Кармалган 31 адам бошотулду.
Булак: turmush.kg

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/9558