Кайрат Осмоналиев Билим берүү жана илим министрлигинин кеңешчиси болуп дайындалды

0

Кайрат Осмоналиев Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Осмоналиев жемкорлукту алдын алуу боюнча министрдин коомдук башталгычтагы кеңешчиси болду.

Жаңы кеңешчи коррупцияга каршы деталдаштырылган пландын аткарылышына байкоо жүргүзүп, андан тышкары билим берүү чөйрөсүндө коррупциялык механизмдердин алдын алуу боюнча шарттарды иштеп чыгуунун үстүндө эмгектенет.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8440