Кыргызстандын жараны Новосибирсктен Кытай жаранын өлтүрдү деп шектелүүдө

0

Новосибирск шаарынан милиция кызматкерлери 28 жаштагы Кыргызстандын жаранын Кытай жаранын өлтүрүүгө шектүү катары кармашты. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазышууда.

Маалыматка ылайык, өлтүрүлгөн адам  кыргызстандык жаранды иштен бошотуп жиберген. 2018-жылдын 28-ноябрында Кытай жаранын сөөгү “Трейд Экспорт” ишканасынын аймагынан табылган. Анын башына труба менен бир нече ирет соккку болгону ырасталган. Жабырлануучу алган жараатынан улам каза тапкан.

Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголду.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8439