Журналист Канат Алманбетовдун артынан аңдып, коркутуп-үркүтүүлөр болууда

0

“Окей” радиосунун журналистти Канат Алманбетов жаңы жыл алдында Иса пайгамбарга ишенгендердин тарапташтарын студияга чакырган. Студияда кыргыздар эмне себептен Иса пайгамбардын туулган күнүн куттуктап жатышат деген теманын айланасында маек болгон. Бул тууралуу Алманбетов Bulak kg сайтына билдирди.

Берүүнүн жүрүшүндө көз жумган маркумдарды жерге берүүдөгү маселелелер, диний өкүлдөр арасында курч мүнөздөгү тирешүүлөр болуп келе жатканы айтылган. Ошол берүүнүн алкагында мусулман деп эсептелип келген кыргыздардын арасынан эмне  үчүн башка динге өтүп жатышат деген эң негизги суроо да берилип, угармандар тарабынан ар кандай маанайдагы суроо, сунуш-пикирлер айтылган.

“Ошол берүүдөн соң менин уюлдук телефонума коркутуп-үркүткөн билдирүү келди. Андан соң мени эки киши дагы издеп келиптир. Кароолчуларга биз бир жерден жолугушуу үчүн макулдашканбыз деп айтышыптыр. Бирок, мен эч ким менен жолугушам деп айткан эмесмин. Бул тууралуу бир ай мурда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жаздым. Милиция тарабынан эч кандай жооп болгон жок. Мен бул коркутуулардын артында диний адамдар турарын болжоп жатам”, - деди Алманбетов.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8438