Президент Сооронбай Жээнбеков 11-мартта Кыргызстандын судьяларынын XI курултайына катышты.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөдө өткөрүлүп жаткан сот-укуктук реформасын талдоого алып, баа берип, судьялар корпусунун ишмердигинин негизги багыттарын жана милдеттерин белгиледи.
Мамлекет башчысы мыйзамдуулукту бекемдөөгө кошкон салымы жана ак ниет эмгеги үчүн, ошондой эле кесиптик майрам - Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу сот системасынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйлады.