Эфиопияда учак кулап 157 адам каза тапты

0

Эфиопиянын борбору Аддис-Абебадан Кениянын баш калаасы Найробиге багыт алган “Боинг-737” учагы 10-мартта абага көтөрүлгөндөн кийин, 6 мүнөт өтпөй кулап түштү. Учактын ичиндеги 157 жүргүнчүнүн баардыгы мерт кетти.

Маалыматка ылайык, учактын ичинде Орусиянын, АКШнын, Кытайдын, Италиянын, Франциянын жана Улуу Британиянын жарандары болгон.

Каза тапкандардын 149у жүргүнчү, 8и, экипаж мүчөсү болгон.

Кырсыктын себептери азырынча белгилүү боло элек. Учак Бишофту жанар тоосуна жакын Дебре Зейт шаарынын четине кулаган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8413