Ырчы Гүлзинат Суранчиеванын күйөөсүнө карата кылмыш иши козголду

0

Ички иштер министрлигинин кызматкери Ралис Касанов кызматтык тартипти бузгандыгы, милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы, кол алдындагы кызматкерлерден акча каражатын чогултууга жана опузалап талап кылгандыгы үчүн кызматынан кетирилген. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Р.Касановго карата кылмыш иши козголгон. Ал  убактылуу күбөлүктү жасалмалоо жолу менен, 2005-жылдын 15-июлунда ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын милиция полкунун чет өлкөлүк мамлекеттердин өкүлчүлүгүн коргоо боюнча батальондун күзөт тескөөчүсү ишине мыйзамсыз орношкон.

2019-жылдын 26-февралында жогорудагы фактынын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин 3-бөлүмүндө (Башка кылмышты жашыруу менен аны жасоону жеңилдетүү максатында жасалма расмий документтерди колдонуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча (кылмыш иши козголгон) сотко чейинки өндүрүш башталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, Р. Касановго берилген убактылуу күбөлүк, мурда Ысык-Ата райондук аскер комиссариаты тарабынан Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жашаган Ш. Лиров аттуу адамга 2005-жылы 17-январында берилгендиги такталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн жасалма расмий документти жашыруу жана өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин мыйзамдаштыруу максатында милициянын ага лейтенанты Р.Касанов МАККББнын милиция полкунун чет өлкөлүк мамлекеттердин өкүлчүлүгүн коргоо боюнча 7-взводунун тескөөчүсү кызматында учурунда 2010-жылдын 29-июнунда Бишкек шаарынын Октябрь райондук аскер комиссариатынан Кыргыз Республикасынын Коргонуу министрлигинин буйруктарын бузуу менен аскердик билетти Ысык-ата РАКта алтернативдүү кызмат өтөгөндүгү жөнүндө тастыктаган документтери жок туруп Ысык-Ата райондук аскер комитетинин 2003-жылы 23-ноябрында жасалма убактылуу күбөлүгүнүн ордуна мыйзамсыз алган.

Ошонун негизинде Р. Касанов документтерди жасалмалоо жолу менен Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына кызматка орношуп, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгын коргогон мыйзамдарды бузууга алып келген.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2018-жылы 31-майында чыккан буйругуна карабастан Р. Касанов кызматтык күбөлүгүн мыйзамсыз колдонуп жүргөндүгү аныкталып, анын жашаган жерин текшерүү учурунда табылып алынган.

Андан сырткары, азыркы учурда Р. Касановдун Кыргыз Республикасынын жарандыгын алгандыгы боюнча учурда 2018-жылы 18-декабрында “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы бузулгандыгы боюнча сотко чейинки текшерүүлөр жүрүп жатат. Анткени анын ата-энеси Казакстан Республикасынын жарандары. Учурда иликтөө уланууда.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8411