Сулайманов: Резиденциянын ичинде чөөлөр улуп жатканын өкмөт башчы угуп жаткандыр

0

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов  акыркы жылдары чөөлөр көбөйүп кеткенин парламент жыйынында билдирди.

Учурда өлкө аймагында чөөлөрдүн саны 25 пайызга көбөйгөнүн маалымдады.

“Чөөлөр көбөйүп кетип, талаадагы кыргоол, өрдөк, коен өңдүү жаныбарлардын баарын кырып бүттү. Мал кол салган учурлар көбөйдү. Мамлекеттик резиденциянын ичинде да чөөлөр улуп жатканын элдер айтышууда. Алардын улуганын өкмөт башчы деле угуп жатса керек. Биз эки буттуу чөөлөр менен күрөшөбүз деп төрт аяктууларды унутуп калдык”, - дейт Сулайманов.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8408