Жаңы төрөлгөн баласын 1 миллион рублга саткан аял кармалды

0

Москвада жаңы төрөлгөн кызын 1 миллион рублга сатып жиберген 23 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык кыз өз баласын багып алуу үчүн элден акча сурап, социалдык тармакка жарыялаган. Адам сатуу боюнча күнөө коюлган. Анын дагы эки баласы бар, бирок ал күйөөгө тийген эмес.

Баласын соодалоо үчүн Уфа шаарынына Москва шаарына келген. Баласын 1 миллион рублга саткандан кийин, укук коргоо органдары тарабынан кармалып, камакка алынган.

Учурда наристе ооруканага жаткырылды. Анын ден-соолугу чың. Ооруканадан чыккан соң, ымыркай балдар үйүнө өткөрүлүп берилет. Энеси энелик укугунан ажыратылат.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8406