Төраганын ката жазылган катына байланыштуу кеңешчиси кызматтан бошотулду

0

Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков кызматынан бошотулду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билидирди.

Эске салсак, төраганын өкмөт башчыга жазган катында бир нече каталар орун алып, көпчүлүктүн сынына калган.

А.Сабырбеков төраганын кеңешчиси катары анын иш кагаздарын жүргүзүүгө жоопкер кызматкер болгон.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8405