Орусиянын Владимир облусунун Гороховец шарында болгон өрттөн Кыргызстандын жети жараны жабыркады. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, өрт 5-март күнү айнек идиш чыгарган «Русджам» заводунда курулуш жүрүп жаткан жерде чыккан.
Өрттүн кесепетинен 7 адам жабыркаган. Жапа чеккендин баардыгы Кыргызстандын жарандары болгон.
Жабыркагандардын төртөөнүн абалы оор. Калгандары жеңил жараат алышкан.
Бул фактынын алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.