Боронов: Картошканын чирип жаткандыгы тууралуу малымат жок

0

Кыргызстан боюнча картошканын баасы 5,5 сомдон түшкөн жок. Ысык-Көлдө, Нарында 5,5-7 сомдон болсо, түштүктө 12 сомдон болууда. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламент жыйынында билдирди.

“Картошка чирип, өтпөй жатат деп айтышууда. Бирок картошкалар чирип төгүлүп жатат деп акимдерден маалымат алган жокпуз”, - деди Кубатбек Боронов.

Эске салсак, картошканын баасы арзан болуп, көпчүлүк дыйкандардын мээнети акталбай калган. Ал эми айыл чарба министри быйылкы жылы  дыйкандарды картошка айдабоого үндөөдө.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8390