Солто уруусунан чыккан аткаминерлер жыйын өткөрүштү

0

Кечээ, 3-мартта Солто уруусунун курултайы өттү. Курултайды “Ай тамга солто” коому уюштурган.

Бул жыйынга Чүйдүн аткаминерлери, аксакалдары катышышты.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мыктыбек Абдылдаев, Канатбек Исаев, Руслан Казакбаев, Динара Исаева, мурдакы өкмөт башчылар Апас Жумагулов, Темир Сариев жана мурдагы парламент төрагасы Алтай Бөрүбаев катышты.

Курултайдын катышуучулары жыйындан саясат издебөөгө чакырышты.

Курултайда социалдык-экономикалык, кадр саясаты талкууланды. Соңунда чүйлүктөр мыкты жигиттери мамлекеттик кызматта иштөөгө даяр экенин айтып президентке кайрылышты.

 

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8376