Кыргызстандык балбандар Болгарияда өткөн мелдеште 7 медалга ээ болушту

0

 

28-февралдан 3-мартка чейинки аралыкта «Дан Колов-Никола Петров» аталышындагы мелдеш Русе шаарында болуп өттү. Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышты.

Грек-Рим жана эркин күрөш, кыз келиндер күрөшү боюнча 30 медаль ойнотулду.

Гре-Рим күрөшүнөн кызгызстандык балбандар 6 медалга ээ болду. Кыз-келиндер күрөшүнөн 1 медалга татыды.

130 килограмм салмак ченинде Мурат Рамонов алтын медаль,

61 килограмм салмак ченинде Айсулуу Тыныбекова коло медаль,

55 килограмм салмак ченинде Асан Сулайманов коло медаль,

60 килограмм салмак ченинде Жоламан Шаршенбеков жана Рустам Теишов коло медаль,

72 килограмм салмак ченинде Руслан Царев коло медаль,

97 килограмм салмак ченинде Үзүр Жусупбеков коло медалга ээ болушту.

 

 

 

 

 

 

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8375