Кыргызстандык суучулдарды 28-февралда Словакиядан тоноп кетишти. Бул тууралуу 24.kg сайтына спортчулардын биринин апасы маалымдаган.
Анын айтымында, кыргызстандык суучулдар Словакиянын борбору Братиславага эл аралык мелдешке барышкан.
«Шаарга учуп келип такси менен меймканканага барышкан. 3 спортчу унаадан түшүп жүктөрүн алганы жатканда таксист катуу ылдамдык менен унаасын айдап качкан. Балдар мейманкананын кызматкерлерине полицияга кайрылып, жүктөрүн таап беришин суранышкан. Өздөрү машыгууга кетишкен. 2 сааттан кийин келгенде жүктөрү ордунда болуп чыкты. Балдардын алдында алар кечирим сурашкан», - деди апасы.