Руслан Казакбаев: Нарында балдар чатырда билим алууда

0

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев Ак-Талаа, Кочкор райондорунда бир катар мектептер авариялык абалга кептелди, өкмөттү мектептердин абалын текшерүүсүн өтүндү.

Ак-Талаанын Ак-Кыя айылындагы мектептин, Кочкордун Ак-Кыя, Сары-Булак айылдарындагы мектептин окуучулары авариялык абалдагы имаратта, кооптуу жагдайда окуп жатышат.

"Жаз чыгары менен чатырга билим берүү улантылса, кыш киргенде айылдын клубунда окуу жүргүзүлүүдө. Сары-Булак айылындагы бала бакча дагы ушул клубда жайгашкан", - деп кошумчалады депутат.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8352