Бишкектен 19 жаштагы бала бычакталып өлтүрүлдү

0

24-февралда Ала-Тоо аянтында жаш балдардын ортосунда мушташ чыгып эки адам бычак жеген. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын маалымат кызматы билдирди.

Бычактан жараат алган балдар 19 жашта болгон. Алар ооруканага жеткирилип, бирөө операция учурунда жан берген.

Бул мушташка катыштыгы бар делип 23 жаштагы Т.А. аттуу жаран кармалды.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8328