Курманбек Бакиевдин учурунда Кыргызстандан чыгарылып кеткен 6 миллион доллар кайтарылат

0

Мурдакы президент Курманбек Бакиевдин учурунда Кыргызстандан чыгарылып кеткен 6 миллион доллар кайтарылат. Бул тууралуу кыргыз өкмөтү менен АКШнын өкмөтүнүн ортосунда «Курманбек Бакиевдин режиминде чыгарылган активдерди кайтаруу» келишимине кол коюлду.

Келишимге Кыргызстандын финансы министри Бактыгүл Жээнбаева менен АКШнын мамлекеттик катчысынынын жардамчысынын орун басары Лис Уэллс кол койду.

«АКШнын жардамы менен биз 6 миллион долларды кайтарабыз. Ал аймактарды өнүктүрүүгө багытталат», - деди финансы министри Бактыгүл Жээнбаева.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8323