Жалал-Абаддан Бишкекке жума сайын мончого келген полковник

0

“Абдразаковдордун даңазалуу  “доорунда” тайраңдап жашоо кечирип жүргөндөр, бүгүн үлкөн кызматтарды кучактап отурганы кандай ыя? Максат Абдыкулов деген эрен, учурда Жалал-Абадда областтык милициянын башчысынын таасирдүү орун басары болуп отурат. Отурганы курусун, аны ар жума сайын борборубуз Бишкектен көрүп жатабыз. Болгондо да “элитный мончолордун” биринен, элитный адамдар менен. Эмне Жалал-Абадда мончо жокпу? Ар жума сайын, мейли ар бир ай сайын самолетто учканга айлык акысы деле жетпесе керек. Эмнеси болсо да, бул жигиттин ийне-жиби биздин колубузда. Жипти ийнеге киргизип, материалдарды тигип баштайбыз го жакында. Ии, баса, Абдразаковдун бизнестерин ким тейлеп жатат болду экен?”, - деген материал Оper kg маалымат булагына чыкты.

Булак kg маалымат сайты Жалал-Абад ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкеринен жогорудагы окуянын негизинде маалымат алдык.

Анын айтымында, Максат Абдыкулов  эмгек өргүүсүнө чыккан. Ар бир кызматкер эмгек өргүүсүндө каалаган жерге барууга укуктуу. “Мен өзү менен сүйлөштүм Бишкеке күздөн бери бара элек экен” , - дейт Мыктыбек Турдубеков.

Максат Абдыкулов чындыгында Жалал-Абаддан Бишкекке мончого каттабаганы анык болсо коомчулукка чыгып ачык айтып койсо ынанымдуу болмок.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8273