Марал радиосунун жарнама бөлүмүнүн башчысы мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

0

Марал радиосунун PR бөлүмүнүн башчысы, Динара Жоробекова 27 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Мароал радиосунун журналистти билдирдиди.

Динара Жоробекова 1992-жылы, 8-январда Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында жарык дүйнөгө келген. Жалал-Абаддагы “Кыргыз-Түрк” кыздар лицейин аяктаган. Түркиядагы Ортоңку Чыгыш техникалык университетинде “Эл аралык мамилелер” адистиги боюнча жогорку билим алган.

Эмгек жолун Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинде “Элчинин ассистенти” болуп баштаган. Ошондой эле Анкарадагы Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунда да иштеген.

-2014-2016-жылдар аралыгында “Ататүрк-Алатоо” Эл аралык университетинде мугалим,

-2016-жылы өткөрүлгөн Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын катчылыгында СММ менеджер жана ЖМК менен иштешүү бөлүмүн жетектеген.

-Мындан сырткары бир катар эл аралык программалардын стипендианты катары Япония, АКШ өлкөлөрүндө тажрыйба алмашууга барып келген.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8263