“Алыш” белбоо күрөш федерациясынын вице-президенти болуп Рустамбек уулу Советбек дайындалды

0

Кечээ, 11-февралда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Алыш” белбоо күрөшү боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өттү. Мелдешке Кыргызстандын бардык аймактарынын спортчулары катышты.

Мелдештин жүрүшүнүн алкагында “Алыш” белбоо күрөш федерациясына Рустамбек уулу Советбек вице-президенти болуп дайындалды.

Рустамбек уулу Советбек “Алыш” белбоо күрөш федерациясын жеңилин колдон алып, бул спортту дагы да өнүктүрүүгө салымын кошоорун билдирди.

Спорттук мелдешке Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров да катышты. Вице-спикер жаңы жетекчиге жана спортчуларга ийгилик каалады. “Алыш күрөшү чыныгы балбандардын күрөшү. Бул күрөш менен айыл жеринен чыккан жоон билек жигиттерибиз жана  күчтүү кыздарыбыз күрөшөт. Биздин спортчуларыбыз “Алыш” күрөшү менен биздин өлкөнүн желегин желбиретип жатышат. Мисалга алсак, Көчмөндөр оюндарында биздин жоон билек балбандарыбыз Кыргызстандын намысын эч кимге тарттырган жок”, - деди Бакиров.

Мирлан Бакиров  Рустамбек уулу Советбекке “Алыш” белбоо күрөш федерациясынын вице-президент деген күбөлөгөн тапшырды.

Быйылкы жылы Ноокат районунда эл аралык “Алыш” белбоо күрөш мелдеши болот. Ал мелдешке чет өлкөлүк спортчулар да катышат. Бул мелдешти өткөрүү жүгүн Рустамбек уулу Советбек мойнуна алды.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8222