Журналист Жайнагүл Тазабекова жол кырсыгынан каза тапты. Бул тууралуу анын жакындары маалымдашты.
Жайнагүл Тазабекова буга чейин КТРК, Пирамида, телеканалдарында кабарчы болуп эмгектенип келген.
Болгону 28 жашында болгон. Тазабекованын артында үй-бүлөсү калды.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика факултетин 2014-жылы бүтүргөн.
Маркумдун сөөгү эртең Аламүдүн районунун Варонцовка айлында жерге берилет.