Капарова: КТРКнын жетекчилигине менин Байкоочу кеңешке мүчө болушум жакпайт

0

30-январда Жогорку Кеңеште КТРКнын Коомдук Байкоочу кеңешине шайлоо болуп өттү. Шайлоого 5 талапкер ат салышып, Атыркүл Сарыбаева 77 добуш менен Байкоочу кеңештин мүчөсү болуп дайындалды.

Түшкө чейинки болгон шайлоодо журналист Чынара Капарова 79 добуш менен депутаттардын колдоосуна татыган.

Чынара Капарованын белгилешинче түштөн кийин бир адам келип шайлоонун нугун буруп койгон. “Менин КТРКга барышыма тоскоол болгондор бар. КТРКга барсам баардыгын ачык айтып, калыс пикиримди билдирмекмин. КТРКнын жетекчисине андай адамдардын келиши жакпайт. Кечээки шайлоо аркылуу президенттин ишине көлөкө түшүрүп алышты”, дейт Капарова.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8134