Кыргыз-казак чек арасында ок жаңылып бир киши каза тапты

0

Кыргыз-казак чек арасына жакын жерде бир кишиге оң жаңылып каза болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Манас районунун Жайылган айылынан үч белгисиз адам Кыргызстандан Казакстанды көздөй 15 жылкы айдап бара жатышкан. Окуя болгон жерге чек арачылар келгенде, алар тарабынан каршылык көрсөтүлүп, колдоруна бычак алып чыгышкан.

Коопсуздук үчүн чек арачылар амсанга ок чыгарышкан. Ага карабастан тартип бузгандар каршылык көрсөтүүсүн улантышкан. Мындан улам чек арачылар ок чыгарышканда, бир адам жараат алып, экөө Казакстан тарапка качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Ал эми жараат алган адамга медициналык жардам көрсөтүлүп жатканда каза тапкан.

Бул окуя боюнча издөө, иликтөө иштери жүрүүдө.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8065