Боливияда 130 метрлик бийиктиктен автобус кулап, футболчулар каза тапты

0

Боливияда 130 метрлик бийиктиктен автобус кулап кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 13 адам каза таап, 20 киши жараат алган. Бул тууралуу жергилктүү Clarin гезити жазды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык автобустун тормозунун кармабаганынан келип чыккан. Автобустун ичинде «Сиклес Клуб Лавалье», командасынын футболчулары дагы болушкан. Футболчулардын төртөө каза таап, алтоо жараат алган.

Кырсык Тариха жана Потоси шаарларынын ортосунда болгон.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8045