Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан улам Экотехинспекциянын облустук бөлүмүнүн жетекчиси Мирлан Абдрахманов каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин ЖККК бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы, 20-январда саат 20:15 чамасында Ысык-Көл районунун Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда катталган.
М.Абдрахманов “Тойота-Ленд Крузер 470” унаасы менен келе жатып, ала-салып кеткен. Наатыйжада окуя болгон жерден каза тапкан.
М.Абакиров 45 жашында болгон. Экотехинспекция кызматында үзүрлүү эмгектенип келген.