Бүгүн, 21-январда Азия кубогунун 1/8 баскыч оюндарынын алкагында Кыргызстандын футбол курама командасы үй ээлери саналган Бириккен Араб Эмираттарынын курамасы менен беттешет.
Футбол Кыргызстан убактысы менен саат 23:00до башталат. Бүгүнкү оюндан утулган команда Азия кубогун тыштап кетүүгө аргасыз болот.
Эскерте кетсек, акшумкарлар өз тобунан 3 упай менен суурулуп чыккан.