Маданият мекемелеринде эмгек акы 80 пайызга көтөрүлдү

0

Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Мындай чечим маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатын көздөйт.

Токтомго ылайык, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын, Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук орус драма театрынын, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин, Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт искусство музейинин, «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин, Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын кызматкерлеринин айлыгы 1,8 эсе көтөрүлөт.

Буга кошумча Бишкек хореографиялык окуу жайынын, Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын, Семен Чуйков атындагы көркөм өнөр окуу жайынын жана Оштогу Ниязаалы атындагы музыкалык окуу жайынын окутуучулук курамынын, концертмейстеринин жана иллюстраторлорунун маянасы 80 пайызга көбөйөт.

Буга чейин Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин айлыгы төмөн экени айтылып келген

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/7487